super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таланты менен сулуулугу суктандырган Эмилия Кларк

 

Эмилия Кларк - британиялык сахна жана кино актрисасы. Жылдыз өзүнүн актёрдук карьерасынын аркасында бир нече жолу дүйнөдөгү эң сулуу аялдардын жана Улуу Британиядагы эң көп кирешелүү актрисалардын тизмесине кирген. Ал престиждүү теле сыйлыктарды жеңип алган. 2019-жылы болсо Оскар сыйлыгына ээ болгон. Бул макалада актриса тууралуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Балалыгы

Эмилия 1986-жылы 26-октябрда Лондондо төрөлгөн. Апасы ишкер, атасы Лондон театрында үн режиссёру болуп иштеген. Үй-бүлөдө эки бир тууган, байкеси бар.

Кларк болочок кесибин үч жашында, атасы менен жумушуна барганда тандап алган. Болочок экран жылдызынын бала кезинен эле классикалык музыкага жана театрга кызыгуусу пайда болгон. Аны ата-энеси кичинекей кезинен театрларга алып барып турган. Эмилия жакшы билим алган. Ал Сент-Энтонинин католик мектебин бүтүрүп, Оксфорддогу Сент-Эдуард мектебинде негизги спектаклдерде ойной баштаган. Анын Лондондогу Искусство университетинин бир бөлүгү болгон колледжде окуусу - карьерасынын башталышы болгон.

Театр

Эмилия Кларкты дүйнөгө "Так талашуу оюну" сериалындагы ролу таанытканы менен, анын актриса катары эң чоң жетишкендиктери сахнада. 2007-жылы "Жапайы бал" (Антон Чеховдун чыгармасынын негизинде) спектаклиндеги ролу калыстардын баасын алгандан кийин драма театрдын башкы актрисасына айланган. Ошол эле жылы ал "Пигмалион" тасмасында башкы ролду ойногон.

Жаш актрисаны ар кандай театр режиссёрлору байкап, алардын спектаклдерине тартыла баштаган. Кийинки эки жыл Кларк үчүн жемиштүү жылдар болгон. Ал сегиз спектаклге тартылган, анын ичинде "Жайкы түндүн түшү" жана "Ойгон жана ырда".

Лондон драма борборунда окуусун аяктагандан кийин Эмилия Кларк Лос-Анжелеске көчүп барып, Голливуддун эң эски театрларынын биринде иштеген. "Сезимдүүлүк" спектакли анын театрдагы дебюту болгон.

Актрисанын театрдагы өзгөчө ролдорунун бири 2019-жылы болгон. Ал Нина Заречнаянын ролун аткарган "Чайка" тасмасынын репетициясын баштаган. Долбоорду Лондондогу Playhouse театрынын көркөм жетекчиси Джейми Ллойд жетектеген.

Тасмалар

Эмилия биринчи жолу телевидениеге 2009-жылы "Дарыгерлер" сериалында дебют жасаган. Бирок ийгилик алып келген эмес. Карьерасынын мындай начар башталышына карабастан, Кларк багынган эмес жана жолун уланткан.

"Так талашуу оюну" телесериалы Кларкка чоң ийгилик алып келген. Кларк ар бир эпизод үчүн 2 миллион доллар киреше алып, эң көп айлык алган теле актрисалардын бири болуп калган.

Эмилия Кларктын бул ийгилиги жөн гана суктандырган. Анын сүрөтү дүйнөдөгү эң популярдуу журналдардын мукабаларын кооздоп турган. Ал EWwy сыйлыгын жеңип алган жана 2012-жылы дүйнөдөгү эң сулуу 100 аялдын катарына кирген. Эмилия Кларк кийинчерээк башка тасмаларга тартылууга чакырылган. Акырындык менен Голливуддун атактуулары британ актрисасы менен бирге тартыла баштаган.

Учурда ал тартылган тасмалар абдан көп.

Жеке жашоо

Эмилия Кларк жеке жашоосу тууралуу айтууну жактырбайт жана аны купуя сактайт. 2012-жылы аниматор жана режиссёр Сет МакФарлейн менен сүйлөшө баштаган. Алар үйлөнүп, бирок бир жылга жетпей ажырашып кетишкен.

Инстаграмда колдонуучулар актрисанын баракчасына ынтызарлык менен жазылып, анын жигити ким экенин билүүгө жана жеке жашоосу тууралуу жаңы маалыматтарды ачууга аракет кылышат. Кларк күйөрмандары менен жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен гана бөлүшөт.

Актрисанын бою 157 сантиметр, салмагы 52 килограмм. Эмилия Лондондо жана Лос-Анжелесте мүлккө ээ. Ал 2016-жылы Америкадан үй сатып алган.

2018-жылы Кларктын жаңы сүйүүсү жарыяланган. Ал режиссёр Чарли МакДауэлл. Алар шаарда жүргөндө журналисттердин көңүлүн бурушкан. Сүйүшкөндөр сезимдерин жашырышкан эмес жана кучакташып жүрүшкөн.

Эки жылдан кийин эле Кларк мурда "Терминатор" тасмасында роль жараткан Мэтт Смит менен кечки тамакта отурганда журналисттер сүрөткө тартып таратышкан. Түгөйлөр кечки тамагын Лондондогу ресторандардын биринде ичишип, андан соң сейилдөөгө чыгышкан. Актёрлор өздөрү бул мамиле боюнча комментарий бере элек, ошондуктан актрисанын жигити тууралуу суроо ачык бойдон калууда.

2024-жылдын ноябрында жылдыз ди-джей Басси Фокс менен романтикалык мамиледе деп айтылган. Бул мамиле бир нече айга созулуп, 2025-жылдын январында аяктаган.

Кызыктуу фактылар


Эмилия музыканы жакшы көрөт жана гитарада, пианинодо жана флейтада ойнойт. Анын репертуарында джаз хиттери жана лирикалык балладалар бар. Ал жаш кезинде ырчы болгусу келген.

Карьерасынын башында актриса байланыш-борбордун оператору, официант, бармен жана кыймылсыз мүлк агенти болуп иштеген.

Кларк инсульттан аман калгандарга жардам берген SameYou фондун көзөмөлдөйт. Кайрымдуулук көп жасайт.

Жылдыз бир сапты калтырбай жаттап, бир нече саатка созулган спектаклдерди оңой аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: