super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президенттин администрациясы "Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт" акциясына катышты

 

Бүгүн, 23-октябрда Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата президенттин администрациясынын кызматкерлери "Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт" акциясына катышышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда өттү.

Акция Кыргызстандын туруктуу өнүгүү идеяларына жана жаратылышка аяр мамиле жасоого берилгендигин күбөлөндүрүп турат. Катышуучулар сейилдеп, ак илбирсти коргоо менен келечек муундар үчүн жашоонун, тең салмактуулуктун жана шыктануунун булагын сактап каларын эске салышты.

Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Ак илбирстин эл аралык күнүн эске салып, кайрылуу жолдогон. Анда коомчулукту сейилдөөгө, чуркоого же каалаган башка активдүү аракетке 23 мүнөт арноого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: