super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуу Британиялык аял баш мээсине жасалган операция учурунда кларнетте ойноду (видео)

 

Улуу Британияда аял баш мээсине электроддор орнотулуп жаткан учурда кларнетте ойноду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

69 жаштагы Дениз Бэкон 2014 жылдан бери Паркинсон оорусу менен ооруп келген. Оорудан улам анын кыймылы, бийлөөсү жана оркестрде ойноосу кыйынга турган. Кыймылдарын көзөмөлгө алуусу үчүн анын мээсине электроддор орнотулган.

Нейрохирург Кейумарс Ашкандын айтымында, бейтаптын баш сөөгүндө кичинекей тешиктер жасалып, электроддор орнотулган. Кол кыймылдары дароо жакшырган. Операция жергиликтүү наркоз менен жасалгандыктан, аял операция учурунда кларнетте ойногон.

"Стимуляция башталганда кол кыймылдары дароо жакшырды. Сол жак мээге электроддор орнотулганда, оң колдун кыймылы так болуп, ал эркин ойноду. Оң жакка орнотулгандан кийин да ошондой болду",- деген дарыгер.

Ал эми бейтап операция ийгиликтүү болгонун жана дароо жеңилдикти сезгенин билдирди.

"Стимуляциядан кийин оң колум жеңил кыймылдады, кайрадан кларнетте ойной алдым. Мен мурдагыга салыштырмалуу жакшы басам жана кайра бийлесем деген кыялым бар",- деди ал.

Аялдын көкүрөгүнө кайра кубатталуучу аппарат орнотулуп, ал мээге электр импульстарын берип турат. Ал 20 жылга чейин иштей алат жана мээ активдүүлүгүнө жараша стимуляция деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салат.






Британиялык аял баш мээсине жасалган төрт сааттык операция учурунда кларнетте ойноду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: