super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстандын батышында жарылган дрон боюнча тергөө иштери башталды (видео)

 

Бүгүн, 23-октябрда Батыш Казакстан облусунун Бурлин районуна караштуу Кызылтал айылынын жанында жарылуу болду. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, анда согуштук дрон жарылган.

Окуя болгон жерде чоң чукур пайда болуп, айыл тургундары үйлөрдүн чатырларына залакасы тие жаздаганын билдиришти. Учурда аймакта акимчиликтин, Өзгөчө кырдаалдар департаментинин жана полициянын өкүлдөрү иш алып барышууда. Аскер прокуратурасы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Полиция дрондун сыныктарын изилдеп жатат. Алардын айтымында, учкучсуз аппарат айылдан тыш жерде табылган.

Белгилүү болгондой, ошол эле күнү Орусиянын Оренбург облусунда да дрон чабуулуна байланыштуу коопсуздук эскертүүсү жарыяланган. Бул аймак Батыш Казакстан менен чектеш жайгашкан.

Бул окуя Казакстандын батыш аймагында дрон табылган биринчи учур эмес, бирок буга чейин алар жарылбай, бүтүн абалда табылып келген.






Казакстандын батышында жарылган дрон боюнча тергөө иштери башталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: