Бишкекте №100 лицейдин 85 жылдыгы белгиленди (фото)
Борбор калаада №100 лицейдин 85 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, майрамдын алкагында мектептин аймагында жашыл энергетика боюнча окутуу борбору жана Кыргыз-Түрк маданий борбору ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем жана башка ардактуу коноктор катышты.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында заманбап технологияларды ишке ашыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Айрыкча, быйыл декабрь айында пайдаланууга берүү пландалган “жашыл” энергетиканын элементтери камтылган катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү заводу курулууда. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөгө жаңы муундагы адистер абдан зарыл. Ошондуктан “жашыл” энергетика боюнча борбордун ачылышы - маанилүү жана өз учурунда жасалган кадам",- деди мэр.
Расмий аземден кийин коноктор жаңы борборлор менен таанышып, концерттик программага күбө болушту.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















