Кооздугу суктандырат... Мөмө-жемиштин түрүн сатып жаткан апа (фото)
Мөмө-жемиштин түрүн сатып жаткан апанын жана даамдуу мөмөлөрдүн сүрөттөрүн фотограф Влад Ушаков жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул кооз сүрөттөр Ысык-Көлдө тартылган.
Сүрөттөрдө Түптүн алмалары, таттуу алмурут, айва, жүзүм, алча, кара өрүк бар. Жолдо үй кожойкелери колго жасалган консерваларды, тагыраагы, чычырканактын, ит мурундун, кургатылган алманын, алмуруттун жана абрикостун кыямын, компотторду, чөп чайларды сатып жатышканын көрүүгө болот. Бул нерселердин баары ден соолукка пайдалуу жана кыш мезгилине керектүү.
Ысык-Көл күзүндө кооз пейзажды гана эмес, кулинардык саякатты да тартуулайт. Бышкан жемиштердин даамы, балдын жыты, тоонун таза абасы бул учурду унутулгус кылып, сулуулукту тартуулайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















