super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте парктагы тротуарга төшөлгөн асфальт текшерилди

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Туңгуч кичи районунда жайгашкан парктагы жаңы төшөлгөн асфальт-бетондун сапатына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармак аркылуу тургундар тарабынан видеокайрылуу келип түшкөн. Анда тургундар парктын аймагындагы бир ай мурда төшөлгөн асфальтта жаракалар пайда болгондугу тууралуу айтышкан.
Текшерүү учурунда адистер төшөлгөн асфальттын абалын карап чыгып, лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алды. Анын жыйынтыгы боюнча асфальт-бетондун физикалык жана механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, аткарылган иштердин белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча корутунду даярдалат.
Бардык жыйынтыктар чыккандан кийин көйгөйлүү тилке боюнча мындан аркы аракеттерди аныктоо тууралуу чечим кабыл алынат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: