super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зеленский Европа өлкөлөрүнө Орусияга каршы жаңы санкциялар үчүн ыраазычылык билдирди

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram каналында Евробиримдикке Орусияга каршы 19-санкциялар пакетин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана бул чечимди "маанилүү кадам" деп атады.

Анын айтымында, бул чектөөлөр Европанын биримдигин далилдөөдө.

"Маанилүү нерсе - Евробиримдик, Улуу Британия жана Америка бирдей аракет кылып, Орусияга басымды күчөтүүдө жана баарыбыз күткөн тынчтыкты жакындатууда. Санкциялар дагы көбөйүшү керек, бул тууралуу бүгүн Брюсселде өнөктөштөр менен сүйлөшөбүз",- деп жазды Зеленский.

23-октябрда Reuters агенттиги Евробиримдик Орусияга каршы жаңы, 19-санкциялар пакетин расмий түрдө бекиткенин маалымдады. Бул пакетке чет өлкө тарабынан жана орусиялык мунайды ташыган 100дөн ашык танкер киргизилген.

Ошол эле күнү АКШ да Орусиянын мунай компанияларына каршы санкцияларды киргизди. Жаңы чектөөлөр "Роснефть" жана "Лукойл" сыяктуу мунай өндүрүүчү ири компанияларды камтыды.

Bloomberg басылмасынын маалыматы боюнча, бул чаралар Москвадагы энергетикалык кирешелерди азайтып, Владимир Путинди сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлоо максатын көздөйт. Мындан тышкары, пакет 2027-жылдын январынан тарта Орусиядан суюлтулган табигый газды импорттоого тыюу салат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: