super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Пекин Кытай компанияларынын Европанын санкциялар тизмесине киргизилгенине нааразы болду

 

Кытай Евробиримдиктин Орусияга каршы 19-пакет санкцияларына өзүнүн айрым компанияларынын кошулганына байланыштуу расмий нааразылык билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякунь Yicai порталына маалымдады.

"Биз бир нече жолу белгилегенбиз. Кытай Украин кризисинин себепкери эмес жана ага катышуучу да эмес", — деди дипломат.

Ал кошумчалагандай, Пекин ар дайым тынчтык жол менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана ортомчулук кылуу аракетин колдоп келген. Кытай эч бир тарапка курал-жарак берген эмес жана эки багытта колдонулушу мүмкүн болгон товарлардын экспортун катуу көзөмөлдөйт.

Эске салсак, бүгүн, 23-октябрда Евробиримдик Орусияга каршы 19-пакет санкцияларды расмий бекиткен. Бул документте 2027-жылдан тарта Орусиядан суюлтулган жаратылыш газын импорттоого тыюу салуу каралган.

Мындан тышкары, Брюсселдин маалыматына караганда, Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген 45 уюмга чектөөлөр киргизилди. Алардын арасында Кытайдын бир нече компаниясы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: