super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстандын медиа өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапар менен барышты

 
Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен барышты. Медиа өкүлдөрүн облус башчысы Айбек Шаменов кабыл алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушууда эки элдин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, кызматташууну кеңейтүү жана туризм тармактарын өнүктүрүү боюнча, маалымат мейкиндигиндеги өз ара кызматташтыкты арттыруу, чектеш аймактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуулар болду.
Иш сапардын жүрүшүндө Айбек Шаменов конокторго жакында курулушу баштала турган “Жаңы Баткен” экологиялык шаары тууралуу маалымат берип, долбоордун максаттары жана багыттары менен тааныштырды.
Өзбекстандын медиа өкүлдөрү УТРК “Баткен” телеканалына жана «Баткен таңы» облустук гезитине барышып, жергиликтүү маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана маалымат таратуу шарттары менен жакындан таанышышты.
Кыргызстандын алыскы аймагында иш алып барган журналисттер үчүн түзүлгөн шарттар, заманбап жабдуулар жана маалыматты ыкчам жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү өзбекстандык коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Андан сырткары УТРК “Баткен” телеканалынын түз эфиринде эки өлкөнүн журналисттери маалымат аркылуу ынтымакты жана кызматташтыкты чыңдоонун мааниси тууралуу маектешти.
Мындай жолугушуулар эки өлкөнүн медиа өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө, маалымат мейкиндигиндеги байланыштарды чыңдоого жана чек ара аймактарында биримдикти бекемдөөгө өбөлгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусундагы журналисттер Фергана облусуна иш сапар менен барып келишкен. Бул иш-чаралар Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кол койгон эки тараптуу кызматташтык боюнча документтердин алкагында ишке ашырылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: