Ошто өрт кырсыгынан каза болгон 6 адамдын сөөгү жерге берилди
Бүгүн, 23-октябрда Ош шаарындагы Орозбеков көчөсүндө орун алган өрт кырсыгынан каза болгон 6 адамдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.Анда айтылгандай, балдардын атасы бүгүн таң эрте Түштүк Кореядан учуп келип, маркумдарды жерге берүү зыйнаты өттү.
Ага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов да катышып, үй-бүлөсүн жоготкон атага сабыр тилешти. Буга удаа маркумдардын жакындарына зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлөрү белгиленди.
Белгилей кетсек, 22-октябрда калаанын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдар каза болгону кабарланган. Өрт үйдөгү электр жылыткычтан чыкканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















