Кыргызстандын араб өлкөлөрүнө экспорттоо үлүшү боюнча БАЭ биринчи орунда турат
Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын араб өлкөлөрүнө
экспортто үлүшү боюнча биринчи оурнда
турат. Бул тууралуу КРнын чет мамлекеттер менен товар алмашуу боюнча
документинде көрсөтүлгөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
2013-жылы 10 ай ичинде Кыргызстан БАЭге 67,2 миллион
доллар (3 миллиард 270,9 миллион сом) суммадагы товарды экспорттогон. Катар мамлекетине
551,9 миң долларлык товар экспорттолсо, Кувейтке - 201,7 миң доллар жана Сауд Арабия 16,1 миң
долларлык товар жөнөтүлгөн.
2012-жылы БАЭ менен Кыргызстандын товар алмашуусу
21,6 миллион сом болсо, өткөн жылы 10 ай аралыгында көрсөткүч 3 эсеге өсүп 71,5
миллион сомду түзгөнү аныкталган.
Катар мамлекети менен товар алмашуу 2 эсеге өссө,
2012-жылга салыштырмалуу калган араб мамлекеттери менен соода тармагындагы
алаканын көрсөткүчү азайган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

