Парламенттик шайлоого аттанган жарандардын тизмеси жаңыланды
Борбордук шайлоо комиссиясы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардын арыздарын кабыл алууда. Бүгүнкү күнгө карата 458 жаран арыз тапшырды.
Мекеме маалымдагандай, бүгүн, 23-октябрда 21 жаран БШКга арыз берди. Алар:
- Дороев Азамат Кубанычбекович, №28 (Беловодское айылы), убактылуу иштебейт
- Бахшалиев Хансывар Рустамович, №22 (Бишкек шаары)
- Ташиев Абдулла Ташиевич, №9 (Өзгөн шаары), Борбор Азия багбандар биримдигинин жетекчиси
- Эркинбаева Гүлнарахан Жумаковна, №9 (Өзгөн шаары), Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору
- Пусуров Нурланбек Давлетакунович, №9 (Өзгөн шаары)
- Каримова Самаргул Шаирбековна, №5 (Араван району), жеке ишкер
- Исабаев Рузмахаммад Абибилаевич, №9 Өзгөн шаары), убактылуу иштебейт
- Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна, №14 (Токтогул шаары), Т. Казаков атындагы №10 орто мектептин мугалими
- Саккараев Медербек Жаманкулович, №26 (Токмок шаары), Жогорку Кеңештин депутаты
- Биймырза уулу Азиз№16 (Талас шаары), “Манас” Улуттук академиясынын президенти
- Таиров Шайырбек Азимжанович №9 (Өзгөн шаары), убактылуу иштебейт
- Касаналиева Жылдыз Остемировна, №17 (Кара-Балта шаары), Бишкек аймактык адвокатурасынын Ж.О. Касаналиева атындагы адвокаттык кабинети
- Байтемирова Гуляим Кудайбердиевна, №20 (Лебединовка айылы), адвокат
- Сопуева Нуржан Жунусовна, №22 (Бишкек шаары), «Эл аралык Мета-Илимий университет» билим берүү уюму
- Асаналиев Аскат Уланбекович, №17 (Кара-Балта шаары), Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты
- Жумабай уулу Бекболсун, №10 (Кара-Кулжа айылы), жеке ишкер
- Жээнбекова Гүлназ Камытовна, №13 (Масы айылы), убактылуу иштебейт
- Аттокурова Гүлмира Нишанбаевна, №7 (Кара-Суу шаары), Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гастроэнтерология жана гепатология бөлүмүнүн бөлүм башчысы
- Абдивали уулу Дамирбек №12 (Сузак району), ИИМ ардагери, убактылуу иштебейт
- Боронова Айтолкун Шакирбековна, №3 (Кызыл-Кыя шаары), айылдык кеңештин депутаты
- Ормонова Жамал Аккозевна, №5 (Араван району), «Жамал» клиникасынын директору
БШК кезексиз парламенттик шайлоого талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:05
2025-11-02
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















