Нарында төрт кабаттуу төрөт бөлүмүнүн курулушу башталды
Бүгүн, 23-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салды.
Төрөгага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев төрөт бөлүмүнүн долбоору менен тааныштырды.
Министрликтин маалыматына таянсак, 100 орунга ылайыкталган имарат жер төлөсүн кошкондо 4 кабаттан турат. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 250 миллион сомдон ашык каражат каралган.
Белгилей кетсек, төрөт үйдүн эскиздик долбоору Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалды. Ал эми Курулуш иштери толук министрлик тарабынан көзөмөлгө алынып, подрядчы уюм катары “Ак-Ат-Сервис” ЖЧКсы иш жүргүзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















