super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Литва Орусиянын аскердик учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди

 

Литванын президенти Гитанас Науседа Орусияга таандык аскердик учактар өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди. Науседа билдирүүсүн X социалдык тармагында жарыялады.

"Бул кечте орус аскердик учактары Литванын аба мейкиндигин бузду. Бул эл аралык укуктун жана биздин аймактык бүтүндүктүн ачык бузулушу",- деп жазды ал.

Науседа Европа өлкөлөрүн аба коргонуу даярдыгын күчөтүүгө чакырып, Литванын Тышкы иштер министрлиги Вильнюстагы Орусия элчилигинин өкүлдөрүн чакырарын маалымдады. Ал эми Литванын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын Су-30 жана Ил-78 үлгүсүндөгү учактары 700 метрге чейин кирип, аба мейкиндигинде болгону 18 секунд кармалып, кайра чыгып кеткен.

Окуя болгон учурда Испанияга таандык эки Eurofighter Typhoon учагы абага көтөрүлүп, НАТОнун аба патрулу кызматын аткарган.

"Литванын ар бир сантиметри корголот жана зарыл болсо, коргонууга даяр. Бул окуя аймактагы коопсуздуктун реалдуулугун дагы бир жолу көрсөттү",- деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Орусиянын учактары Эстониянын, Польшанын жана Румыниянын аба мейкиндигин да бузганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: