Рэпер P.Diddy`ге түрмөдө кол салуу болду
АКШда түрмөдө отурган рэпер P.Diddy`ни (чыныгы аты Шон Комбс) бир туткун колго жасалган бычак менен коркуткан. Бул тууралуу рэпердин досу Чарлуччи Финни британиялык Daily Mail гезитине билдирген.
Анын айтымында, туткун рэперди өлтүрүүнү көздөгөн эмес, жөн гана коркутууга алган.
Эске салсак, 3-октябрда Нью-Йорк соту Комбсту сойкулукка үчүн адамдарды ташуу боюнча 4 жылдан ашык эркинен ажыраткан. Комбстун коргоо тобу 14 айлык эркинен ажыратууну суранса, прокурорлор 11 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууну суранышкан.
Июлда калыстар тобу рэперди сойкулук үчүн адамдарды ташууга айыптап, эки берене боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок ошондой эле аны өмүр бою эркинен ажыратууга алып келиши мүмкүн болгон оор кылмыштар, тагыраагы, опузалоо жана адам сатуу боюнча күнөөсүз деп тапкан.
Шон Комбс өткөн жылдын сентябрь айында кармалып, камакка алынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















