super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Маск Optimus "робот армиясын" түзгүсү келет

 

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск алдыдагы жылдары жылына 1 миллион даана чыгаруу менен Optimus роботторунун армиясын түзүүнү пландап жатканын айтты.

"Биз бир миллион Optimus бирдиги үчүн өндүрүш линиясын курабыз. Буюрса, өндүрүш кийинки жылдын аягына чейин башталат",- деген Маск Tesla жетекчилиги менен болгон конференцияда. Анын айткандары компаниянын YouTube каналына жарыяланган.

Ал жаңы үчүнчү муундагы Optimus роботунун (Optimus 3) прототиби 2026-жылдын биринчи чейрегинде, балким, февраль же март айларында даяр болот деп эсептейт. Бирок, өндүрүштү жылына 1 миллион даанага чейин көбөйтүү бир аз убакытты талап кылат.

Маск ошондой эле өзү түзүп жаткан "робот армиясы" боюнча чечимдерге таасир этүү үчүн компаниянын жетиштүү акцияларына ээ болгусу келерин билдирген.

Америкалык миллиардер мурда келечекте бардык жумуш орундарын роботтор жана жасалма интеллект ээлеп аларын айткан.

Маск гуманоид роботторду чыгаруу идеясын 2021-жылдын август айында сунуштаган. 2024-жылдын октябрь айында Optimus гуманоид роботу коомчулукка көрсөтүлгөн. Маск анын баасы 20 миң доллардан 30 миң долларга чейин болорун жана ар бир адам аны сатып ала аларын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: