Трамп Латын Америкасында аскердик операцияларды жүргүзөрүн жарыялады
АКШнын куралдуу күчтөрү Латын Америкасындагы наркокартелдерге каршы жер үстүндөгү аскердик операцияларды башташы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
АКШнын лидери бул демилгени мыйзам чыгарган орган менен талкуулоону пландап жатканын белгиледи.
"Кийинки кадам - жер. Балким, биз Сенатка, Конгресске барып, аларга бул тууралуу айтып беребиз. Бирок мен алардын буга каршы болоруна ишене албайм",- деди Трамп.
Ал ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтор үчүн жер аркылуу баңгизат ташуу жакын арада кыйла кооптуу операцияга айланарын кошумчалады.
22-октябрда The Washington Post гезити Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадурону бийликтен кулатууга багытталган аракеттерге уруксат бергенин жазган. Гезиттин маалыматына ылайык, АКШ президенти кол койгон документ Мадурону түздөн-түз кулатуу буйругун бербейт, бирок мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол ачат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















