super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусия Литванын аба мейкиндигин бузду деген айыптоолорду четке какты

 

Орусиянын Коргоо министрлиги Литванын "аба чек арасын бузду" деген дооматка жооп берип, Су-30 аскердик учактары Калининград облусунун үстүнөн гана пландуу машыгуу учууларын жүргүзгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учуулар аба мейкиндигин колдонуу эрежелерине толук ылайык жүргүзүлүп, учактар маршруттан чыкпай, башка өлкөлөрдүн чек арасын бузган эмес.

Буга чейин Литва орусиялык Су-30 жана Ил-78 учактары өлкөнүн аба мейкиндигин 700 метр аралыкта жана 18 секундга бузганын билдирген. Бул учурда НАТОнун "Чыгыш күзөтчүсү" операциясынын алкагында Испанияга таандык эки Eurofighter Typhoon учагы абага көтөрүлгөн.

Литванын президенти Гитанас Науседа бул окуяны "эл аралык укуктун жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн ачык бузулушу" деп атап, Орусия элчилигинин өкүлдөрүн Тышкы иштер министрлигине чакырып, расмий нааразылык билдирерин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: