Путин Трамп менен Будапештте болбой калган жолугушуу боюнча үн катты (видео)
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптын Будапешттеги жолугушууну жокко чыгаруу тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Путиндин айтымында, Трамп жолугушууну жокко чыгаруу эмес, кийинге жылдыруу тууралуу сөз кылган.
Путин белгилегендей, жолугушууну жана анын ордун америкалык тарап сунуштаган, бирок мындай иш-чаралар жакшы даярдыкты талап кыларын айтты.
Ошондой эле АКШ менен Европа киргизген жаңы санкциялар боюнча да пикирин билдирди. Анын айтымында, бул чектөөлөр Орусиянын экономикасына олуттуу таасир этпейт жана басым көрсөтүү аракети гана.
"Өзүн урматтаган өлкө эч качан басым алдында чечим кабыл албайт",- деди Путин.
Мындан тышкары, Украина президенти Владимир Зеленскийдин АКШдан узак аралыктан атылуучу курал алуу тууралуу билдирүүсүн Путин эскалацияга аракет катары баалады.
Белгилей кетсек, 23-октябрда Дональд Трамп Будапешттеги жолугушууну жокко чыгарганын айтып, бирок келечекте кайра өткөрүүгө мүмкүн экенин кошумчалаган.
Путин Будапешттеги саммит боюнча үн катты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















