Ташиев: "Нарынга азыр катуу киришип жатабыз" (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунда башка аймактарга салыштырмалуу ипотекалык үйлөр аз курулуп жатканын айтты.
"Туура, Нарын бир аз артта калды. Бирок Нарынга азыр катуу киришип жатабыз",- деди ал кечээ, 23-октябрда Нарын шаарында төрөт бөлүмүнүн курулушунун баштоо иш-чарасында.
Буга чейин да атайын кызматтын башчысы Нарын облусунун акыбалы оор экенин айткан.
Айта кетсек, июнь айында Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда бир катар тапшырмалар коюлуп, айрым жетекчилер жеме уккан.
Кийин, тагыраагы, 11-августта Ташиев кайрадан Нарынга иш сапары менен барган. Анда ал Нарын облусун өнүктүрүүгө быйылкы жылы 15 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирип, Нарын районуна айыл чарба техникаларын тапшырган.
Ташиев Нарын башка аймактардан артта калганын айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















