АКШда "кинодогудай" ири алдамчылык аныкталды
АКШда мафия мүчөлөрү атайын технологияларды колдонуп, покер оюндары аркылуу адамдарды алдап көп акча өндүргөнү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар X-ray столдорун, жашыруун камераларды жана карталарды көрсөтө турган атайын көз айнек, линзаларды колдонушкан. Ошентип оюнчулардын колундагы карталарды алдын ала билип алышкан.
Бул оюндарга бай адамдар жана белгилүү спортчулар катышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө 30дан ашык адам кармалып, алардын арасында мурдагы NBA оюнчулары да бар экени аныкталган. Алдамчылар жалпы-жонунан 7 миллион доллардан ашык акча уурдашкан.
Бул акчалар криптовалюта жана жалган компаниялар аркылуу "адалданган" жана мафиянын колуна түшүп турган. АКШ бийлиги бул окуяны акыркы жылдардагы эң акылдуу жана кооптуу технологиялык алдамчылыктардын бири деп баалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















