super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаңы Зеландияда 13 жаштагы бала 200дөй магнит жутуп, ичегисинин бир бөлүгүнөн ажырады

 

Жаңы Зеландиянын Тауранга шаарындагы ооруканада 13 жаштагы балага 200гө жакын күчтүү неодим магниттерди жутуп алганы үчүн операция жасалды. Ал башында дарыгерлерге 100 чакты магнит жутканын айткан, бирок операция маалында алардын саны эки эсе көп экени аныкталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, рентген сүрөттөрүндө баланын ичегисинде төрт башка жерде чынжыр сыяктуу тизилген металлдар көрүлгөн. Алар бири-бирине жабышып, ичеги ткандарында кан айланууну токтотуп, "басым некрозу" деп аталган ткандардын өлүшүнө себеп болгон. Дарыгерлер ичегинин жабыркаган бөлүгүн кесүүгө аргасыз болушкан. Бала сегиз күндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Адистердин айтымында, бул окуя күчтүү магниттердин өтө кооптуу экенин далилдейт. Жаңы Зеландия басылмалары ушул сыяктуу оюнчуктар 2013-жылдан бери өлкөдө тыюу салынганына карабастан, интернет дүкөндөрдө дагы эле сатылып жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: