super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат 

 
“Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
"Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база күчөтүлүүдө, инфраструктуралык демилгелер жаралууда. Бул коомдун санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экендигин билдирет. Бирок бул бизге олуттуу жоопкерчилик жүктөйт. Бул жагынан алганда, Улуттук кеңешти түзүү салмактуу жана талап кылынган чечимдердин зарылдыгынан улам логикалык кадам болуп калды. Кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилген. Анын ишине дүйнөлүк денгээлдеги кесипкөйлөрдүн, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу эң мыкты жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларга жетүүгө жол ачат",- деп билдирди Жапаров.
Өлкө башчысы кадр даярдоо маселелси негизги багыт экенини билдирди.
"Бүгүнкү күн тартибинде актуалдуу маселелер жана багыттар камтылган. Сөз инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо, жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары жаатында кадрларды даярдоо, коопсуздук стандарттарын жана тобокелдиктерди башкарууну калыптандыруу жөнүндө болуп жатат. Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды чыгарууга тийишпиз",- деп кошумчалады президент.
Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстан санарип жана блокчейн технологиялары жаатында аймактык лидерге айланууну көздөп жатканын белгиледи.
"Иийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктуу жаштар, экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, ошондой эле мамлекеттик сервистерди жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктары бар. Бул факторлордун жыйындысы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары жаатында аймактык хабга айландыруу маселесин реалдуу жана жеткиликтүү кылат",- жыйынтыктады өз сөзүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: