super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Евробиримдиктин 19-санкциялык пакети: Тизмеде Кыргызстандын да банктары бар

 

Европа Биримдиги Орусияга каршы 19-санкциялык пакеттин алкагында Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын айрым банктары менен транзакцияларына чектөөлөрдү киргизди.

Алардын катарына, Казакстандагы орусиялык ВТБ банкынын филиалы, Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразиялык сактык банкы", Тажикстандагы "Душанбе Сити банк", "Спитамен" жана "Коммерцбанк" кирди.

Бул чектөөлөр 2025-жылдын 12-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

Европа Биримдигинин документинде үчүнчү өлкөлөрдөн беш кредиттик мекемени транзакцияларга тыюу салынган юридикалык жактар тизмесине кошуу максатка ылайыктуу экени айтылат.

Өзгөчө чектөөлөр үч категориядагы уюмдарга, тагыраагы, үчүнчү өлкөлөрдөгү орусиялык кредиттик же финансылык мекемелердин филиалдарына, орусиялык финансылык систем менен тыгыз байланышкан ири аймактык банктарга, ошондой эле чектен тышкары транс чек ара төлөмдөрдү иштеп чыккан банктарга тиешелүү. Маалым болгондой, алар орусиялык экономика жана өнөр-жай секторун бекемдөөгө салым кошууда.

Эске салсак, 23-октябрда Reuters агенттиги Евробиримдик Орусияга каршы жаңы, 19-санкциялар пакетин расмий түрдө бекиткенин маалымдады. Бул пакетке чет өлкө тарабынан жана орусиялык мунайды ташыган 100дөн ашык танкер киргизилген.

Ошол эле күнү АКШ да Орусиянын мунай компанияларына каршы санкцияларды киргизди. Жаңы чектөөлөр "Роснефть" жана "Лукойл" сыяктуу мунай өндүрүүчү ири компанияларды камтыды.

Bloomberg басылмасынын маалыматы боюнча, бул чаралар Москвадагы энергетикалык кирешелерди азайтып, Владимир Путинди сүйлөшүүлөргө барууга мажбурлоо максатын көздөйт. Мындан тышкары, пакет 2027-жылдын январынан тарта Орусиядан суюлтулган табигый газды импорттоого тыюу салат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: