super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстандан келген журналисттер Мадыген геопаркы менен таанышты

 
Баткен облусуна таанышуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Өзбекстандан келген журналисттер тобу Мадыген геопаркына саякат жасашты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сапардын алкагында коңшу өлкөдөн келген телеканал, радио, гезит жана интернет басылмаларында иштеген журналисттер Мадыгендин түркүн түстүү тоолору менен ачык асман алдындагы табигый кооз көрүнүшүнө күбө болушту.
Журналисттерге аймактын геологиялык өзгөчөлүктөрү, туристтик жана илимий мааниси тууралуу маалымат берилди. Меймандар Мадыгендин уникалдуу жаратылыш көрүнүштөрүн сүрөткө тартып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Өзбекстандык журналисттер бул аймак Борбор Азиядагы экотуризмди өнүктүрүүдө жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгын белгилешти.
Мындай сапарлар эки өлкө ортосундагы достук жана маалыматтык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле облустун туристтик дараметин кеңири таанытуу максатын көздөйт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: