super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү бала бакча оңдолууда (фото)

 

Борбор калаада Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан 180 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иштер мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү жана модернизациялоо программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Жалпы аянты 1 800 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат 0,6 гектар жер тилкесинде жайгашкан. Долбоордун максаты - балдардын билим алуусу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү.

Биринчи кабатта төрт тайпага ылайыкталган оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, кир жуугуч, үтүктөөчү жай, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана жана техникалык бөлмөлөр жайгашат. Экинчи кабатта дагы төрт тайпанын оюн жана уктоочу бөлмөлөрү, башчынын кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык залдар каралган.

Мекемеден билдиришкендей, учурда демонтаждоо, ички электромонтаж жана канализация иштеринин баары аяктаган. Ички жасалгалоо иштери уланууда, фасад жана тосмолор орнотулуп, айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: