Эрктүүлүк жана жеңиш. Изабеков балбан кыз Нурзаттын жеңишинен кийин маек берди (видео)
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыздар курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалындагы Нурзат Нуртаеванын жеңишинен кийин орусиялык журналист Вячеслав Абдусаламовго маек берди.
Башкы машыктыруучу жаштар арасындагы беттеште Нуртаева башка спортчуларга мыкты атаандаш болуп, сүр берип турганын белгиледи.
"Нурзат Хорватияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алган. Андыктан жаштар арасындагы турнирде ал лидерлердин катарын толуктады. Ал өзүнүн тапшырмасын так аткарып, чечкиндүүлүгүн жана тырышчаактыгын көрсөтө алды",- деп билдирди Изабеков.
Нови-Сад шаарында өтүп жаткан турнирдин финалдык беттеши Кыргызстан үчүн жемиштүү болду. Нурзат АКШнын балбанына 3:10 эсебинде жеңилип келе жатып, акыркы мүнөттөрдө 11:10 эсебинде жеңишти атаандаштын колунан сууруп алды.
Изабеков балбан кыз Нурзаттын жеңишинен кийин маек берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















