Сүлүктү шаарында бош жумуш орундар жарманкеси өттү
Бүгүн, 24-октябрда Баткендин Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү тарабынан бош жумуш орундар жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалымдагандай, иш-чаранын негизги максаты жумушсуз жарандар менен иш берүүчүлөрдү байланыштырып, туруктуу жумуш орундарын табууга көмөктөшүү болгон.
Жарманкеге Сүлүктү шаарынын жетекчилери, аймактык төрага, төрайымдар, Сүлүктү шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жалпы жамааты, шаар тургундары, студенттер, мугалимдер жана шаардагы 15 мекеме-ишкананын өкүлдөрү катышкан. Иш берүүчүлөр тарабынан жалпы 120 бош жумуш оруну сунушталып, жумуш издеген жарандарга ачык маалымат берилген. Жыйынтыгында 6 жаран жумуш берүүчүлөр менен алдын ала макулдашууга жетишип, эмгек келишимин түзүүгө даярдыгын билдиришкен.
Жарманкеге жалпысынан 270ге жакын жаран катышып, эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышууга шарт түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















