super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жакын туугандардын ортосундагы нике: Өзбекстанда ДНКнын жаңы мутациялары табылды

 

Өзбекстанда Жогорку технологиялар борборунун илимпоздору биринчи жолу өлкө тургундарынын гендерин терең изилдеп, дүйнөдө мурда белгиленбеген ондогон жаңы ген мутацияларын аныкташты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку билим, илим жана инновациялар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, изилдөөгө катышкан ар бир экинчи балада генетикалык мутация табылган. Кээ бир балдарда бир эле учурда бир нече мурастык оору белгилери байкалган. Балдардын 86 пайызында "бузулган" гендер аныкталган. Бул көрсөткүч эл аралык нормадан эки эсе жогору экени белгиленди. Илимпоздор бул көрүнүштү өлкөнүн айрым аймактарында туугандардын ортосундагы никелердин жогорку деңгээли менен түшүндүрүүдө.

Илимпоздор генетикалык мутациялар сейрек мурастык ооруларга гана эмес, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык процесстер сыяктуу кеңири таралган ооруларга алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

"Биз биринчи жолу элибиздин гендеринин чыныгы сүрөтүн көрдүк. Эгер балдардын көбүнүн ичинде жашыруун мурастык мутациялар бар болсо, бул процессти профилактика жана генетикалык консультациялык систем жок токтотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, никеге чейин жуптарга скрининг программаларын киргизүү абдан маанилүү",- деди Жогорку технологиялар борборунун директору жана "Өзбекстандын 1000 геноми" долбоорунун жетекчиси Шахло Турдикулова.

Ошондой эле илимпоздор алынган маалыматтар эл аралык маалымат базаларына киргизилгенин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: