Өлкө боюнча БУУнун 80 жылдыгына арналган ачык сабактар өттү (фото)
Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата өлкөдө бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучулары үчүн ачык сабактар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Агартуу министрлиги билдирди.
Бишкек шаарындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде өткөн ачык сабакка агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа жана Кыргызстандагы БУУ өкүлчүлүгүнүн билим берүү жана жаштар менен иштөө программалары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Лейла Хасанова катышты.
Агартуу министри БУУнун 80 жылдык ишмердүүлүгү эл аралык биримдиктин жана тилектештиктин жаркын үлгүсү экенин белгиледи.
Ал Кыргызстан БУУ жана анын агенттиктери менен кызматташтыкты жогору баалай турганын, алардын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, балдардын укуктарын коргоого, тынчтыкты бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнүн принциптерин илгерилетүүгө кошкон салымы чоң экенин айтты. Министрдин айтымында, мындай сабактар жаш муунга тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана адамзат алдындагы жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктардын маанисин түшүнүүгө жардам берет.
Самман Жунг Тапа БУУ дүйнөдөгү өлкөлөрдү тынчтык, прогресс жана баарына жаркын келечек тартуулоо максатында бириктирерин белгиледи.
Ал ЮНИСЕФ БУУнун үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары 190 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда ар бир бала ден соолукта өсүп, сапаттуу билим алып жана өзүн коопсуз сезүүсү үчүн иш алып барарын баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан калкынын 40 пайызын балдар түзөт жана алардын катышуусуз туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү мүмкүн эмес.
Эске салсак, жыл сайын 24-октябрь Бириккен Улуттар Уюмунун күнү катары белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















