super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды

 
Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттерин баалоо боюнча үч күндөн бери өтүп жаткан республикалык команда-штабдык машыгуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругу менен өткөн республикалык машыгууда жер титирөө кырсыгына жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилип, баа берилди.
Жыйынтыктоо иш-чарасында Бишкек шаарынын жарандык коргонуу башчысы – мэр Айбек Жунушалиев шаар аймагында өзгөчө кырдаалдар катталган учурда ыкчам аракеттерди көрүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге иш алып барууну уюштуруу, алдын ала даярдыкты күчөтүү, ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруу боюнча комплекстүү иштер алып барылгандыгын белгилеп, бул жаатта баалуу тажрыйбалар менен бөлүшкөн ӨКМдин ырааттуу жана кесипкөй кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, машыгуунун негизги максаты - жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: