Ташиев Нарын шаарындагы 2 көчө боюнча кармалгандар башкалар үчүн сабак экенин айтты (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 миллиард сомдон ашык сумма жумшалганын билдирди.
"Ошол жумшалган акча каражатынын уурдалбай натыйжалуу иштетилгенин текшерип жүрөм. Уурдагандарды камап жатабыз. Мына, көчөнү туура эмес жасап койгондорду камадык. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ошон үчүн айтылат, "бирге жаза, миңге сабак" деп. Эми калгандары уурдабай турган болушат",- деди ал кечээ, 23-октябрда Нарын шаарынын тургундары менен жолугушууда.
Кеп Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрү жөнүндө болуп жатат. Аталган көчөлөрдүн курулушу жай жана сапатсыз салынып жатканы талкуу жараткан. Мындан улам аталган жолдорду салып жаткан "Бета Групп" компаниясынын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалган. УКМК аны менен бирге транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев да камакка алынганын билдирген.
Кийинчерээк Нарын облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен 1-Жол куруу башкармалыгынын директору да кармалганын маалымдаган.
Ал эми көчөлөрдү бүткөрүү иштери "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.
Ташиев Нарын шаарындагы 2 көчө боюнча кармалгандар башкалар үчүн сабак экенин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















