Таласта Кадыралы сугат каналына бетон каптама төшөлүүдө
Талас облусунун Манас районундагы 1977-жылы курулган Кадыралы сугат каналына суу коромжусун азайтуучу заманбап бетон каптама төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан боюнча 40 районду камтыган долбоордун алкагында аткарылып жаткан алгачкы иштердин бири. Ар бир районго 10 миң чарчы метрден бетон полотно бөлүнгөн.
Кадыралы каналынын жалпы узундугу 18 чакырым болсо, азырынча анын эң маанилүү 1 чакырымына жаңы каптама төшөлүүдө. Суу жоготуусу эң көп катталган участок катары дал ушул тилке тандалганын айтышат жергиликтүү адистер.
Район жетекчилигинин маалыматы боюнча, Кадыралы каналы аркылуу 7 740 гектар сугат жер суу менен камсыз болот. Бетон каптама төшөлгөн тилке ишке киргенден кийин, кошумча 2 куб метрге чейин сууну талааларга үзгүлтүксүз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат. Бул долбоорго болжол менен 200 миллион сомго жакын каражат каралган.
Суу чарба адистеринин айтымында, колдонулуп жаткан жаңы технология геомембрана, геотекстиль жана цементтин негизинде даярдалып, 60-70 жылга чейин кепилдик берет. Манас районунда каналдын эскилиги жеткендиги жана суу жоготуулар жогору болгону үчүн биринчи кезекте ушул аймак тандалган.
Иш-аракеттин негизги максаты - сугат суу коромжусун азайтуу, сугат системин модернизациялоо жана дыйкандардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















