Евгений Корчевой: «Айыл-агро-2014» көргөзмөсүнө ондон кем эмес компания катышат
Бүгүн, 17-январда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин катышуусундагы эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн даярдыктары боюнча жыйын өтүүдө.
Анда “Росгромаш” орусиялык айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын директору “Айыл-агро-2014” көргөзмөсүнө 10дон кем эмес компания катышат” деп билдирди.
“Биз бөлүмдөрдү кеңейтүүнү ойлоп жатабыз. Мал чарбачылыгына эки, банк лизингине эки бөлүм беребиз. Мындан сырткары 2013-жылы көргөзмөнүн аянты 4,5 миң чарчы метр болсо, бул жылы 6 миңди түзмөкчү. Күркөлөрдүн аянтын 300дөн 700 чарчы метрге чейин кеңейтүүнү пландадык”,- деди ал.
Мындан сырткары өткөн жылы көргөзмөгө 7 компания катышса, бул жылы 10дон ашуун ишкана катышарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

