Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгы белгиленди (фото)
Бүгүн, 24-октябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган "Улуттук университет - улуттун тиреги" аттуу эл аралык форум өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана ардактуу коноктор катышты.
Маарекелик иш-чаралар 23-октябрда башталып, үч күнгө созулат. Университеттин ректору Догдурбек Чонтоевдин айтымында, мааракеге карата "100 жылдыкка - 100 кабинет, 100 китеп, 100 иш-чара" долбоорлору ишке ашырылууда.
"Сиздердин окуу жайдын тарыхы - бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана интеллектуалдык элитанын калыптанышынын барагы. 1925-жылы агартуу институту катары негизделген бул окуу жай педагогикалык кадрларды даярдоодон тартып, улуттук статусу бар, өлкөнүн алдыңкы илимий-билим берүү борборуна айланганга чейинки татыктуу жолду басып өттү. Бул жылдар аралыгында миңдеген адистерди тарбиялап, кыргыз коомунун, илиминин, маданиятынын жана мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошту", - деди Догдуркүл Кендирбаева.
"1925-жылы ачылган Кыргыз агартуу институту кыргыз элинин билим берүү тарыхындагы алгачкы жогорку окуу жайы болуп саналат. Ал мезгилде өлкө жаңыдан улуттук билим берүү системасын калыптандыруу жолуна түшүп, мугалимдерди даярдоо ишин башталган. 1932-жылы ал Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, билим берүү тармагында жаңы доордун башталышына жол ачкан" - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук университетинде 30 000ден ашуун студент билим алат. Университеттин курамында 14 факультет, 4 колледж, 14 институт, ошондой эле аспирантура жана докторантура программалары бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















