Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Ишембиге карата аба ырайы
Эртең, 25-октябрда Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20 ... +25, Талас жергесинде +18... +23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +21... +26, Ысык-Көлдө +14 ... +19, Нарында +12... +17 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +21... +23 градуска жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















