super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстанда дүкөндөргө жасалма арзандатуу жарыялоо тыюу салынды

 

Өзбекстан өкмөтү 22-октябрдан тартып жаңы эрежелерди күчүнө киргизди. Эми соода ишканалары арзандатуу же акция алдында товарлардын баасын атайылап көтөрүп, андан соң жасалма арзандатуу кыла албай тургандыгын жергиликтүү басылмалар маалымдашты.

Жаңы тартипке ылайык, акция маалындагы баа акыркы 30 күн ичиндеги эң төмөнкү баага барабар болушу керек. Бул талап айыл чарба азыктарына гана тиешелүү эмес.

Сатуучулар акциянын шарттарын так көрсөтүүгө милдеттүү: мөөнөтү, катышкан товарлардын тизмеси, арзандатуу көлөмү, талаптар. Акция башталгандан кийин анын шарттарын өзгөртүүгө болбойт.

Керектөөчү кааласа дүкөндөн мурдагы баа тууралуу расмий далил талап кыла алат. Ошондой эле сатуучулар товарлардын жарактуулук мөөнөтү жакындап калганын же эски запастар сатылып жатканын ачык билдириши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: