super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте майыптыгы бар жарандардын арасында Инклюзивдүү спартакиада старт алды

 

Бишкек шаарында 18-октябрдан 1-декабрга чейин майыптыгы бар жарандардын арасында Инклюзивдүү спартакиада өтүп баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10 спорт түрүн камтып аларга – шахмат, шашки, стол үстүндөгү теннис, кичи футбол, волейбол, армрестлинг, пауэрлифтинг, грек-рим күрөшү, таэквондо WT жана сууда сүзүү кирет.

Иш-чаранын максаты — инклюзивдүү спортту өнүктүрүү жана майыптыгы бар адамдарды активдүү, сергек жашоо образына үндөө. Спартакиада Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулууда.

Мелдештер чоңдор, жаштар жана балдар арасында жеке эсеп боюнча өтүүдө. Спартакиадага көрүүсү, угуу жөндөмү, кыймыл-аракет системасы, борбордук нерв системасы бузулган жана жеңил деңгээлдеги акыл-эс өзгөчөлүгү бар спортчулар катышууда.

23-октябрда жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн базасында угуусу жана көрүүсү начар жарандардын арасында шахмат боюнча мелдештер өттү. Турнирге жалпы 69 спортчу катышып, алардын катарында балдар, өспүрүмдөр, кыздар жана чоңдор болду.

Балдар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Жаанбаев Арген;
2-орун — Алишеров Равил;
3-орун — Надырбеков Иман.

Кыздар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Медетова Бурулай;
2-орун — Таалайбекова Адинай;
3-орун — Ысмаилова Айбийке.

Эркектер арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Рахмат уулу Талас;
2-орун — Ким Эдуард;
3-орун — Алмазбеков Шабдан.

Аялдар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Кудайбердиева Айтунук;
2-орун — Монолова Кымбат;
3-орун — Жылышбаева Чолпон.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар, ошондой эле алардын машыктыруучулары жана дене тарбия мугалимдери Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль, диплом жана белектер менен сыйланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: