Илон Маск Азиядагы шылуундар колдонуп жаткан 2,5 миң Starlink спутнигин өчүрдү
Илон Масктын SpaceX компаниясы Мьянмада алдамчылар өз операцияларында колдонгон 2,5 миңден ашык Starlink түзмөгүн өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз чыныгы мыйзам бузуу учурларын аныктаганда тиешелүү чараларды көрөбүз, анын ичинде дүйнө жүзүндөгү укук коргоо органдары менен кызматташабыз. Мисалы, Мьянмада SpaceX компаниясы алдын ала 2,5 миңден ашык Starlink жабдууларын аныктап, шектүү алдамчылык борборлорунан өчүргөн", — деди SpaceX компаниясынын Starlink боюнча бизнес операциялар бөлүмүнүн вице-президенти Лорен Дрейер.
Өткөн жумада Мьянманын бийлиги кибер алдамчылар жана спам менен алектенген борборлордун бирине каршы операция учурунда 30 даана Starlink кабылдагычтары жана аксессуарларын тапканын билдирген. Акыркы убакта кылмыштуу топтор адамдарды "жогорку маяналуу телефон жумуштары" менен азгырып, кийин аларды күч менен кармап, алдамчылык борборлорунда иштетип жатканы аныкталган. Мындай борборлор, негизинен, Мьянма менен Камбоджанын жетүү кыйын аймактарында жайгашкан жана катуу көзөмөлдө турат.
Ошондой эле октябрдын ортосунда АКШнын Юстиция министрлиги криптовалюта алдамчылыгына каршы эң ири операциялардын бирин өткөргөнүн кабарлаган. Натыйжада 127,2 миң биткойн (жалпы суммасы болжол менен 15 миллиард доллар) конфискацияланган. Министрликтин маалыматына караганда, бул каражат камбоджалык ишкер Чен Чжиден алынган. АКШ бийлиги белгилегендей, ишкер мыйзамсыз операцияларын жүргүзүүдө өзүнүн айрым бизнес бөлүмдөрүн колдонгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















