Мадридде Пикассонун изделип жаткан сүрөтү табылды
Испаниянын улуттук полициясы Мадрид шаарында Пабло Пикассонун "Гитаралуу натюрморт" аттуу жоголгон деп эсептелген сүрөтүн тапты. Бул тууралуу El País гезити кабарлады.
Полициянын маалыматына караганда, аталган сүрөт борбор шаардан чыгарылган эмес.
1919-жылы гуашь техникасында тартылган бул картина болжол менен 600 миң еврого бааланган жана камсыздандырылган. Аны Гранада шаарында өткөн "Натюрморт. Инерттүүлүктүн түбөлүктүүлүгү" аттуу көргөзмөгө коюу пландалган болчу. Сүрөт башка 56 чыгарма менен бирге 25-сентябрда таңгакталып, жөнөтүүгө даярдалган.
CajaGranada фонду билдиргендей, 3-октябрда жүк транспорт компаниясы тарабынан видео көзөмөл аркылуу жеткирилген, бирок кутулар толук номурланбагандыктан, кызматкерлер сүрөткө таңгактан ачылганга чейин текшерүү жүргүзө алышкан эмес.
6-октябрда текшерүү учурунда бир картина жетишпей жатканы аныкталгандан кийин фонд полицияга арыз берген. Жоголгон чыгарма Интерполдун жоголгон жана уурдалган көркөм чыгармалардын эл аралык базасына киргизилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















