Баткен согушунун аяктаганынын 25 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 24-октябрда Манас шаарында Эл аралык куралчан террорчуларды жок кылууда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү, Баткен согушунун аяктаганынын 25 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотбеков, Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, Баткен согушунун ардагерлери, апаатта каза болгондордун жакындары катышты.
Төрага Баткен окуясында өлкөнүн тынчтыгы үчүн салым кошкон ардагерлердин эмгеги жана курман болгондордун эрдиги ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө сакталарын белгиледи.
Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен окуясына Манас шаарынан 200 жоокер катышып, алардын 12си баатырларча курман болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















