Садыр Жапаров жана Binance'тын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Ала-Арчага барышты (сүрөт)
Бүгүн, 24-октябрда президент Садыр Жапаров жана Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш сейил багына барышты.
Мамлекет башчынын администрациясынан билдиргендей, бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жана тажрыйбалуу алмашуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Анын ичинде Кыргызстанда заманбап блокчейн-чечимдерди киргизүү жана эл аралык инвесторлордун катышуусун арттыруу маселелери да каралды.
Мамлекет башчысы өлкө экономикасын санариптик трансформациялоого өбөлгө түзө турган өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун жана жогорку технологиялык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:05
2025-11-02
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















