БШК 29 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрдагы жыйынында мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 29 эл аралык байкоочуну аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Аккредитацияланган байкоочулардын катарында:
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү – 8 адам;
- КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү – 17 адам;
- Беларус Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү – 2 адам;
- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү – 2 адам.
БШКдан маалымдалгандай, аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:05
2025-11-02
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















