БШК чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелери тууралуу маалымат берди
Бүгүн, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйында чет өлкөлөрдө дагы 20 шайлоо тилкесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага ылайык, шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:
- Орусияда 14 тилке: Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Красноярск (кошумча участок), Новосибирск (кошумча тилке), Томск, Мурманск жана Набережные Челны шаарларында.
- Казакстанда 2 тилке: Атырау жана Караганда шаарларында.
- Тэджон (Корея Республикасы), Неаполь (Италия), Медина (Сауд Аравиясы) жана Каир (Египет) шаарларында бирден шайлоо тилкеси ачылды.
Муну менен чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелеринин жалпы саны 91ге жетти.
Эске салсак, 18-октябрда БШК чет өлкөлөрдө 71 шайлоо тилкесин түзүү тууралуу токтом кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:21
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















