super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

U-23: Гүлнура Таштанбекова Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту

 
Кыргызстандык балбан Гүлнура Таштанбекова Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан 23 (U-23) жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал мелдеште 68 килограмм салмак категориясында күч сынашты. Алгач мексикалык Дебанхи Тапия Гарсияны 13:4 эсебинде жеңип, чейрек финалда италиялык Лаура Годинону 7:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалда түрк балбаны Несрин Бас менен беттешип, 6:8 эсебинде аз упай айырмасы менен утулуп калды.
Коло медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште Гүлнура немис спортчусу Герда Барф менен кармашып, 4:2 эсебинде жеңишке жетишти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: