super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштун мэри эки деңгээлдүү жолдун курулушуна капсула салды

 
Ош шаарынын Айтиев жана Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде курула турган эки деңгээлдүү жолдун (айланма көпүрөнүн) курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Бүгүн, 25-октябрда калаа мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов курулушка мезгил кутусун салышты.
Көпүрөнүн узундугу – 354 метр, туурасы – 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн түбүндөгү айланма жол жашылдандырылып, жарыктандыруу системалары орнотулат, ошондой эле лотоктор, жөө жүргүнчүлөр өтмөгү жана жол белгилери каралган.
Бул долбоор ишке ашкан соң Ош шаарындагы эң ири транспорттук түйүндөрдүн бири болуп, жол тыгындарын азайтуу, унаа кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу, коопсуздукту камсыздоо сыяктуу бир катар маселелер чечилет деп күтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: