super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Царикаев аты менен белгилүү болгон Мирлан Таалайбековду сабап кетишти

 

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси Мирлан Таалайбековду түндө белгисиз жарандар сабап кетишкени тууралуу маалымат тарады.

Борбордун жол милициясы окуя түндө болжол менен саат 01:30 чамасында, Алыкулов менен Өмүр көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди. Анда Тойото үлгүсүндөгү унаа келип Таалайбековдун унаасын сүзгөн.

"Унаадан эки эркек киши түшүп, алардын ортосунда сөз талаш чыккан. Кийин аларга дагы эки белгисиз адам кошулган. Төрт белгисиз киши Таалайбековду караңгы жерге алып барып, дене жаракаттарын келтиришкен.

Кийин кол салгандардын экөө качып кеткен. Бир нече мүнөттөн кийин окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы чакырылып, качууга аракет кылган эки адам кармалган. Шектүүлөр райондук милицияга жеткирилди", - деп билдирди милициядан.

Ленин райондук милициясы билдиргендей, шектүүлөрдүн баары алкоголдук ичимдик ичкени аныкталды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.






Царикаев аты менен белгилүү болгон Мирлан Таалайбековду сабап кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: