«Евразия» уюму КУУнун 100 жылдыгына карата окуу жайга автобус тартуулады
«Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата университетке заманбап автобус белек кылды.
Ноутбуктар, проекторлор, экрандар жана үн жабдыктары менен камсыздалган бул автобус Кыргызстандын ар кайсы аймактарында практикалык сабактарды, семинарларды жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү үчүн көчмө аянтча болуп кызмат кылат.
Бул жаңы окутуу форматы студенттер менен окутуучулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып, академиялык мобилдүүлүктүн жана аймактар аралык билим алмашуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
«Биз КУУнун жана жалпы билим берүү тутумунун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул белек — биздин достук жана өнөктөштүк мамилебиздин, өз ара урмат-сыйдын жана өнүгүүгө болгон умтулуубуздун символу», — деди «Евразия Кыргызстан» аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова.
Маалымат үчүн: «Евразия» — эл аралык кызматташуунун өнүгүшүнө көмөктөшүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып, салттуу баалуулуктарды сактоого жана эл аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган. «Евразия» социалдык маанидеги демилгелерди колдойт, ар улуттун өкүлдөрүнө баарлашууга мүмкүнчүлүк берет, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуусу тармактарында долбоорлорду ишке ашырат.
Уюмдун негизги багыттарынын бири — окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлорунун катарында билим берүү программалары, алмашуу жана мамлекеттик ири компаниялардагы стажировкалар, медиа мектеп бар. Ошондой эле «Евразия» долбоору мугалимдер үчүн кесиптик платформаларды жана форумдарды, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттарды, тарыхты жана маданиятты сактоо багытындагы долбоорлорду колдойт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















