БШК шайлоого катышууну каалаган жарандар тууралуу маалымат берди
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын саны 488ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 25-октябрда 12 талапкер БШКга арыз берди. Тизме:
- Тургунбек уулу Нурланбек, №15 (Кербен шаары), Жогорку Кеңештин төрагасы
- Мамырова Бөдөш Аманбаевна №8 (Гүлчө айылы), убактылуу иштебейт
- Субанов Айбек Манасбекович, №26 (Токмок шаары), Германия элчилигинде кызматкер
- Рахман Медер, №12 (Сузак району), Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграция маселелери боюнча кеңештин эксперти
- Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, №6 (Ош шаары), Жогорку Кеңештин депутаты
- Садыкова Венера Нажимидиновна, №6 (Ош шаары), убактылуу иштебейт
- Эдилбеков Чолпонбек, №29 (Кочкор айылы), «Большая медведица» ЖЧКсынын коммерциялык директору
- Таштанбекова Мадина Таштанбековна, №29 (Кочкор айылы), убактылуу иштебейт
- Төлөмүшов Бегали Пирмаматович, №2 (Кадамжай шаары), «Интер Энерджи» ЖЧКсынын башкы директору
- Жалилов Азамжан Абдуллажанович, №9 (Өзгөн шаары), Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы
- Умарбеков Боронбай Баитович, №9 (Өзгөн шаары), Ош электр тармактар ишканасы, бөлүм башчынын орун басары
- Кадырова Жылдызкан Турумбековна, №9 (Өзгөн шаары), адвокат
БШК кезексиз парламенттик шайлоого талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:05
2025-11-02
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















